"Тунгуч" жаштар театры

«Тунгуч» жаштар театры  — Кыргызстандагы алгачкы жеке театр болуп эсептелет. Ал 1989-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Жамал Сейдакматова тарабынан негизделген.

Алгачкы спектакль — жазуучу Жеңишгүл Өзүбекованын «Апамдын махабаты» аттуу пьесасы болгон. Театр ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө улуттук жана эл аралык көптөгөн сыйлыктарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдагы сыйлыгына ээ болгон.

Залдын сыйымдуулугу болжол менен 150 орун. Театрда афишасы жарыяланбаган, буйрутма негизиндеги спектаклдер коюлат. 2017-жылы Астанада өткөн «Сахнадан сәлем» эл аралык фестивалына катышып, анда жергиликтүү жана эл артисти Жамал Сейдакматова да чыккан бир нече спектакль коюлган.

 

2025-жылдын март айында театрда Роза Муканованын «Жесир» пьесасы боюнча спектаклдин премьерасы болуп өттү. Бул коюу өлкөнүн маданий турмушунда эсте каларлык окуя болду.

Чүй проспекти, 168а