Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти
Башкармалык Бишкек шаарында спорт, туризм жана жаштар иштери чөйрөсүндө саясатты жана жетекчиликти ишке ашыруучу Бишкек шаарынын мэриясынын бөлүмчөсү болуп саналат. 1. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - мамлекеттик программаларды ишке ашыруу, ошондой эле Бишкек шаарында дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери чөйрөсүндө шаардык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; - Бишкек шаарында дене тарбияны жана спортту, туризмди өнүктүрүү жана жаштар менен иштөө үчүн шарттарды түзүү жана жакшыртуу; - дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө чөйрөсүндөгү иш-чараларды каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу боюнча иштерди уюштуруу; - дене тарбия жана спорт тармагында кадрларды даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтүү; - калктын дене тарбиясына уюштуруу-методикалык жетекчиликти ишке ашыруу; - Бишкек шаарынын калкына спорт жана туризм, жаштар менен иштөө чөйрөсүндө сапаттуу кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылуу.