Евразия» оюн-зоок паркы

«Евразия» оюн-зоок паркы — Бишкектеги жаңы заманбап үй-бүлөлүк эс алуу жана оюн-зоок борбору. Парк 2025-жылдын 28-августунда расмий ачылган. Аянты болжол менен 10 гектарды түзөт. Аймагында 30га жакын заманбап аттракцион, динопарк, аквазона, спорттук жана балдар аянтчалары, лабиринттер, сейилдөөчү аллеялар жана башка көңүл ачуучу жайлар жайгашкан. Паркты куруу 2024-жылы башталып, долбоорго болжол менен 35 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылган. Паркка кирүү жана аттракциондорду пайдалануу акысыз. Бүгүнкү күндө «Евразия» паркы Бишкектин жана Кыргызстанга келген туристтердин үй-бүлөлүк эс алуусу үчүн жаңы туристтик жайлардын бири болуп саналат. Дареги: Бишкек шаары, Алтын-Бешик көчөсү, 77/5, Селекция айылы, Ленин району. Парктын расмий сайтында кирүү акысыз экени жана заманбап аттракциондор сертификациядан өткөнү көрсөтүлгөн.

 

Бишкек шаары, Алтын-Бешик көчөсү, 77/5, Селекция айылы, Ленин району.