«Тоголок Молдо» атындагы сквери

 

 Тоголок Молдо сквери — Бишкектин борборундагы тарыхый жашыл мейкиндиктердин бири. Сквер 1950–1951-жылдары негизделген жана болжол менен 3,7 гектар аянтты ээлейт. Ал Москва, Коёнкөзов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн аралыгында жайгашкан. 1965-жылы сквердин борборуна кыргыздын залкар акыны жана манасчысы Тоголок Молдонун бюсту орнотулган. Бүгүнкү күндө сквер шаар тургундары үчүн эс алуу жана сейилдөөчү жай болуп саналат. 2026-жылы скверди реконструкциялоо иштери башталган.

Бишкек шаары, А. Коенкозов көчөсү / Москва көчөсү 148a