Bugu Hotel — Бишкектин борборунда жайгашкан 3 жылдыздуу мини-мейманкана жана дизайнердик отель. Мейманкананын негизги өзгөчөлүгү — лофт стилиндеги интерьерге кыргыздын этно-декор элементтеринин кошулушу. Расмий сайтында мейманкана кыргыз улуттук колоритин скандинавиялык стилдин атмосферасы менен айкалыштырары айтылат.