Ырыс Ордо — Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик конгресс-борбор. Ал эл аралык саммиттерди, форумдарды, расмий кабыл алууларды, сүйлөшүүлөрдү жана мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү иш-чараларды өткөрүү үчүн курулган.
Курулушу жана ачылышы
«Ырыс Ордо» конгресс-борборунун курулушу 2024-жылдын декабрь айында башталып, 2026-жылдын август айында аяктаган. Ал 2026-жылдын 24-августунда расмий ачылган. Комплекстин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышкан.
Имараттын өзгөчөлүктөрү
Комплекс жалпы 14,7 гектар аянтты ээлейт. Анын курамына негизги имарат жана расмий делегациялар менен жогорку даражалуу конокторду жайгаштырууга арналган сегиз конок үйү кирет.
Борбордук имаратта:
* 1238 орундуу «Курултай» конференц-залы;
* 1000 адамга ылайыкталган банкет залы;
* 235 орундуу басма сөз залы;
* Сүйлөшүүлөрдү жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүчү залдар бар.Бул комплекс эл аралык жолугушууларды жана ири мамлекеттик иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган.
Аталышынын мааниси
«Ырыс» — бакубатчылыкты, берекени, молчулукту жана бакытты билдирет. «Ордо» — борбордук жай же маанилүү орун деген мааниге ээ. Демек, «Ырыс Ордо» аталышын «Бакубатчылык ордосу» деп түшүндүрүүгө болот. Бул аталыш өлкөнүн өнүгүүсүн, берекесин жана эл аралык кызматташтыгын символдоштурат.
Чынгыз Айтматов ,301